Төрөттөн кийинки ичимдеги “растяжканы” кантип кетирем? Косметолог жооп берет
Төрөгөнүмө 20 күн болду. Ичимдеги “растяжканы” кантип кетирсем болот? Натыйжа бере турган дары-дармектерди сунуштаңызчы?
Асель Алымбаева
Косметолог
Тилекке каршы эмизип жаткан учурда эч кандай дарыларды ичүүгө болбойт. Анткени, дары эненин сүтү менен кошо балага да таасирин бериши мүмкүн.
Андан тышкары 20 күн өтө аз убакыт. Сиздин гормоналдык фон калыбына келе элек.
Теринин чоюлуп калышы менен лазер жана терең пилинг натыйжалуу күрөшөт. Бирок бул процедураларды да эмизип жаткан учурда өткөрүүгө болбойт.
Менин сизге бере турган кеңешим, азырынча эне болуу бакытына бөлөнүп, балаңызды чоңойтуп алыңыз. Көбүрөөк кыймылдап, гимнастика жасап, таза абага чыгып сейилдеңиз.
Эмчектен чыгаргандан кийин тамактанууңузга көңүл бөлүп, каалаган процедуралрды жасатып аласыз.
Бешик бооңуз бек болсун!