MegaCom компаниясынан 5 бекер кызмат
Салам достор! Бүгүн биз силерге MegaCom компаниясы сунуштаган беш бекер кызмат жөнүндө айтып беребиз. Керектүүсүн дароо кошуп алып пайдалансаңыз болот.
1.«Mega USSD»
«Mega USSD» кызматы - номуруңузда кошулган акы төлөнүүчү кызматтардын, тарифтик опциянын, топтомдордун жана алардын абоненттик төлөм суммаларынын толук тизмесин алууга мүмкүнчүлүк берет.
Кызматты колдонуу үчүн бул буйрукту аткаруу керек: *515#
2. «Куткаруучу тегерек»
«Куткаруучу тегерек» кызматын пайдалануу менен MegaComдун абонентине балансты толуктоо өтүнүчүн жиберсеңиз болот.
Кызматты колдонуу үчүн бул буйрукту аткаруу керек: *282*0АААxxxxxx#
3. «Жеке кабинет»
«Жеке кабинет» кызматы - өздүк эсебиңиз жөнүндө маалымат алууга жана аны башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
Жеке кабинетке кирүү үчүн бул жерди басыңыз.
4. «Мага кайра чал»
«Мага кайра чал» кызматы менен MegaComдун абонентине кыска буйрукту терүү аркылуу ага кайра чалуу өтүнүчүн жөнөтсөңүз болот.
Кызматты колдонуу үчүн бул буйрукту аткаруу керек: *202*0АААxxxxxx#
5. «MegaCom компаниясына жеңил кадам»
Эски номуруңузга чалган жакындарыңызга сиздин номуруңуздун өзгөргөндүгү тууралуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт жана кабыл алынбаган чалуу жөнүндө SMS келет.
Кошуу схемасы:
1-кадам. MegaCom жаңы SIM-картасынан *707*0АААХХХХХХ# чалуу буйругун териңиз, бул жерде ААА – мурдагы операторуңуздун коду, ХХХХХХ – сиздин мурдагы номуруңуз.
2-кадам. Телефонуңузга эски SIM-картаны салыңыз жана **21*0555390035# чалуу буйругун териңиз.
3-кадам. Жаңы SIM-картаны салып колдоно баштаңыз.