Жолдошум кесиптешин төшөккө чакырыптыр. Эмне кылсам экен?
Турмушка жаңы чыкканда бир аял күйөөмдөн боюнда бар экенин айткан. Жолдошума айтсам, таңгалып боюнда жок болчу деген.
Быйыл болсо күйөөмдүн башка аял менен сүйлөшкөнүн угуп калдым. Чогу иштеген аял экен. Аны жолугушууга чакырыптыр. Кыскача айтканда төшөккө чакырып жатат. Айтсам жөн эле сүйлөштүк деп актанды.
Ортобузда 3 уулубуз бар. Үй салалы деп кеңешип, шаарга иштегени ишенип жөнөткөнү жаткам. Эми мындай болуп жатат. Эмне кылышты да билбей калдым. Бир ажы айткандай, ага аял, мага күйөө табылат, балдарга ата-эне табылбайт да. Көп ойлонуп чечим чыгара албай жатам.
Ажырашуу оюмда бар, бирок балдарымды кыя албайм. Кандай кылсам туура болот?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы окурман!
Жолдошуңуз үйлөнгөндө эле сизди алдаптыр. Анан да ачык эле көзүңүзгө чөп салып, ар кайсы айымдар менен сүйлөшөт экен.
Эми өзүңүзгө суроо берип көрүңүзчү, өзүнүн түбөлүктүү бирге боло турган адамы менен баш кошкон чечимин сыйлабаган адамдан эмнени күтөсүз? Ал чечимге сиз, балдарыңыз дагы кирет. Жасаган кылыктарына көз жумуп келе жатыпсыз, эмне таптыңыз? Сыйбы, өзүнүн айыбын түшүнгөн күйөөнүбү?
Күйөөңүзгө сиздин, балдарыңыздан жогу эле жакшыдай. Балдарына жакшы тарбия берип жатканына көзүм жетпей жатат.
Ушул суроолорго оң жооп тапсаңыз, үй-бүлөлүк бактыңыз үчүн күрөшүңүз. Эгер жооп таппасаңыз, жашооңузду сизди сыйлабаган адам менен улантып кереги барбы, жокпу кылдаттык менен ойлонуп көрүңүз!
Шашпай, туура чечим чыгарат деген ойдомун.