Аялыма болгон сезимим сууп калды. Психолог кеңеш берет
Аялыма болгон сезимим сууп калды. Себеби, үй тиричилигинде тазалык, тактык маселе боюнча пикир келишпестиктер көп. Апам менен мамилесин үзүп салган. Бирок, мен апам менен аябай жакынмын. Ал оорукчан, оор абалдагы атамды өзү карайт.
Аялымдын кылганын чыккынчылык деп түшүнөм. Туурабы? Кырдаалды бир нече ирет түшүндүргөнгө аракет кылдым. Болгон жок. Жашообуз максатсыз өтүп жаткандай. Баса белгилеп кетчү нерсе, биз башынан бөлөк жашайбыз.
Ажырашайын десем, көнүп калгандайбыз, ортобузда кичинекей балдарыбыз бар. Эмне кылам, кеңеш бириңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Түшүнгөнүмө караганда сиздин жубайыңыз, сиз күткөндөй болгон жок.
- Тиричилик маселелерден улам, апаңыз менен сүйлөшпөй калган.
- Сиздин ата-энеңиз ооруйт, ал эми келинчегиниз аларга каралашпайт.
- Сиздин ага болгон сезимдериңиз өчүп калды.
Үйлөнгөнүңөргө канча болду? Балким, учурда үй-бүлөлук кризисти баштан кечирип жатасыз?
Жаңыдан таанышканда келинчегиңиздин эмнесине кызыктыңыз эле? Эмнесин жактыргансыз? Ошондогу сезимдериңиз кандай эле? Кантип сүйлөшчүсүңөр? Ал үчүн эмнелерди жасагансыз?
Мага сиздин жубайыңыздын да пикири кызык. Ал бул тууралуу эмне деп айтат?
Ушул суроолорго жооп издеп көрүңүз.
Эркек адам дипломат болуш керек тууганым. Аялыңыздын да апаңыздын көңүлүң алууга аракет жасаңыз. Аялыңызды көбүрөөк мактаңыз, үй иштерине жардам бериңиз, спорт менен машыгыңыз, аялыңызга жаккан атырлардан коюңуз. Ажырашуу арам иш. Аялыңызга күйөө, сизге аял табылат. Ортодогу балдарыңыз эле чыркырап жетим калат.