Күйөөм өзүм каалагандай алимент төлөйм дейт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! 3 балам бар. Күйөөм бизди таштап башка аялга үйлөнүп алган. Бир жыл жоголуп, эми пайда болду. Балдарга анын да акысы бар экенин, каалаган убакта алып кетээрин жана акча жактан каалагандай жардам берээрин айтты. Бул адамга кандай чара колдонсо болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, эгер аталык укугунан ажыратылбаса, жолдошуңуздун балдарды көрүүгө акысы бар. Анткени Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө "Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны (балдар) менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар" деп көрсөтүлгөн.
Бирок ушул эле беренеде "Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу баланын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе" деп жазылган.
Эгер күйөөңүз жогоруда көрсөтүлгөн жагдайды жаратса, ага балдарды көрсөтпөй коюуга мыйзам сизге жол берет.
Үч балаңызга сотко кайрылып же күйөөңүз менен өз ара келишип алимент алсаңыз болот. КРнын Үй-бүлө кодексинин 86-беренесине ылайык, жолдошуңуздун тапкан кирешеси же дагы башка кирешелеринин жарымы балдарга алимент иретинде өндүрүлөт.