// //

Никеге турууда кыздардын кандай укуктары бар?

2019.10.04, 14:02
1470

Кыргыз Республикасынын мыйзамында никеге турууда кыздардын кандай укуктары бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2019, 14:04

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 5-бөлүгүндө “Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат жана жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ” деп көрсөтүлгөн.

Демек мыйзам боюнча никеге туруп жаткан эки жаштын укуктары тең.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 32-бересинде «Жубайлардын ар бири иштин, кесиптин түрүн, бара турган жана жашай турган жерин эркин тандай алат, энелик, аталык, балдарга билим, тарбия берүү жана үйбүлөнүн башка маселелери жубайлардын теңдигинин принцибине таянып, жубайлар тарабынан чогуу чечилет, жубайлар үй-бүлөдөгү мамилелерин өз ара сыйлашуу менен жардамдашуунун негизинде түзүүгө, үй-бүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү, өздөрүнүн балдарынын бакубаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүү негизинде курууга милдеттүү, жубайларга үйдөгү эмгекке карата бирдей милдет жүктөлөт жана жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт