// //

«Бөлүп төлөө шарты менен смартфон»: Beeline акция шарттарын жаңыртат

2018.10.10, 16:53
990

Эми Кыргызстандын бардык жашоочулары Huawei жана Xiaomi смартфондорун 3 же 6 айга бөлүп төлөө шарты менен жол-жоболоштура алышат. Компания кардарлардын каалоо-тилектерин эске алуу менен мобилдик телефондорду бөлүп төлөө шарты менен сатып алуу боюнча акциянын шарттарын жаңыртып, узартты.  

Beeline сатууларды өркүндөтүү боюнча менеджер Асель Максатбек кызынын айтуусу боюнча 6 айга бөлүп төлөө боюнча акцияны ишке киргизгенден кийин компания абоненттердин арасында сурамжылоо жүргүздү. 

«Кардарларыбыздын пикирлери аркылуу: кээ бирлери бөлүп төлөө шарты менен тезирээк төлөп бүтүүнү каалашарын аныктадык, ошентип компания жаңы акцияны ишке киргизди. Анын шарттары боюнча үч айга бөлүп төлөөнү жол-жоболоштурса болот. Ошондой эле 8-октябрдан баштап биз бөлөп төлөө боюнча акцияны 6 айга узарттык».

Смартфонду бөлөп төлөө шарты менен каалаган Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде алса болот. Жол-жоболоштуруу үчүн паспорт (id-карта) жана кызмат орду, чегеримдерди жана кармап калууларды көрсөтүү менен акыркы 6 ай үчүн  айлык акы жөнүндө маалымкат зарыл. Жеке ишкерлер үчүн жанында паспорт (id-карта)  жана тастыктоочу дүмүрчөк менен акыркы 3 ай үчүн узартылган күчүндөгү патент керек.   

Beeline кеңселеринде мобилдик телефонду бөлүп төлөө шарты  менен сатып алуунун артыкчылыгы – бул биринчи кезекте ылдамдык. Жол-жоболоштуруу 30 мүнөттө жана түздөн-түз Beeline  кеңсесинде банкка барбай эле жүргүзүлөт. Ошондой эле акция шарттары баштапкы төгүмдөрүн төлөөнү, пайыздарды чегерүүнү жана кошумча ашык төлөмдөрдү караштырбайт - кардар тандалган смартфон бааланган сумманы төлөйт.   

«Эгер бизге 6 айга бөлүп төлөө шартын жол-жоболоштурууну каалаган 10 миң сом айлык акысы менен кардар келсе, анда болжол менен ал 20 миң сомдук смартфонду күтсө болот. Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, бөлүп төлөө шарты менен мобилдик телефон сатып алууда биз 220 жаңы коду менен кооз номурду, ошондой эле жылдын аягына чейин WhatsApp мессенджерин колдонууга акысыз трафигин тартуулайбыз», — деп кошумчалады Асель Максатбек кызы.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт