// //

Акылы кем ата-энемди болочок кайын-журтума тааныштыргандан уялам

2019.10.03, 11:19
17099

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Перизат: өз ата-энемден уялам

Мени атамдын улуу агасы Бекиш чоң атам тарбиялаган. Ата-энемдин колунан окуталы деп беш жашымда алып кетишкен.

Ата-энем тоодо турушат. Атам чоң атамдын малын карайт, апам үй иштери менен алек. Экөө тең акылы боюнча артта калган, тубаса кем акыл. 

Баарын жакшы түшүнүшөт. Ушунчалык жүрөгү таза адамдар. Мен барганда сүйүнүп тамды айланып чуркашып, болгон тамагын жайып тосуп алышат. Кетип жатсам, экөө тең колумдан тартып, кетпе деп суранышат, жаш балача ыйлашат.

Эмне үчүн ата-энем башкаларга окшош эмес деп, кудайга таарынып көп жолу ыйладым.

Бекиш чоң атам менен чоң энем мени балдарынан кем кылбай багып, окутуп, кийинтип, университетке өткөрүштү. Курбуларым, жигитим аларды менин ата-энем, деп ойлошот. Эч ким акылы кем адамдардын кызы экенимди билбейт.

Кээде өзүмдү ушунчалык жек көрүп кетем. Акылы кем болсо да, жүрөгү таза ата-энемден уялганыма ачууланам.

Жакында турмушка чыгам. Чоң атамдарга менин ата-энем болуп берип койгулачы деп сурандым. Алар макул болушту. Жаңы турмушумду калп менен баштагым келбейт. Бирок, кайын-журтума айтсам, мени келин кылбай коюшабы, деп корком. Жигитим таштап кетсечи? Же баарын ачык айтсамбы? Мага кеңеш бериңизчи?

Адис эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Кичинекей балдар өздөрүн ата-энесине окшоштурат, ата-эне кайсы жерден бүтүп, өзү жеке инсан катары кайсы жерден башталаарын бөлө алышпайт. Эгер баланын оюу боюнча ата-энеси башка ата-энелерге, башка адамдарга окшош эмес болсо, бул мезгил аралыгында уялуу, ата-энени жерүү пайда болот.

Сиз азыр түшүнүшүңүз керек болгон нерсе, сиз – бул сиз, ата-энеңиз бөлөк адамдар, алардын оорусу сизди мүнөздөбөйт. Ата-энеңиз үчүн жооптуу жана алардын оорусу үчүн күнөөлүү эмессиз. Сиз үчүн уяла турган эч нерсе жок.

Сиздин абалды ар бир адекватуу адам түшүнөт, эгер түшүнүп жана кабыл алалбагандар жолукса, көйгөй сизде эмес, аларда.

Кыз узатууну чоң атаңыз менен чоң энеңиздин үйүндө жасагыңыз келсе, бул сиздин тандооңуз. Анткени алар сизди багып чоңойтту, чынында эле экинчи ата-энеңиз болуп эсептелет.

Сиздин ордуңузда болсом, бул тууралуу жигитиңиз менен ачык сүйлөшүп, талкуулайт элем. Ал сизди чындап сүйсө, мындан көйгөй жаратпайт. Бактылуу болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
03.10.2019, 12:44

Тааныштыр озундун ата энен менен

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт