Сүйүктүүмдүн жүзүн жарык кылуу үчүн эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен жакында 6 жыл сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнөм. Бирок тойго бир аз калганда кошулуп койгонбуз. Бир эле жолу болду. Үйдөгүлөр болсо, шейшеп жөрөлгөсүн кылабыз, деп жатышат. Мен аларга мындай салтарыңар мага туура келбейт, деп айттым.
Сүйүктүүмдүн жүзүн жарык кылуу үчүн эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Билесизби, “Каалооң болсо, мүмкүнчүлүк качан болбосун табылат” деген жакшы сөз бар.
Силер чындап бири-бириңерди сүйөсүңөр. Ар дайым бирге болуу үчүн баш кошууну чечтиңер. Жыныстык катнаш тойго чейин болгону экөөңөрдүн жеке чечимиңер.
Билишимче, нике түндө бөлмөдө экөөңөр гана болосуңар, жаныңарда башка тууган-тушкандар карап турбайт. Шейшептеги канды көрсөтүүнүн түрдүү жолдору бар. Бул силердин фантазияңардан жана чечкиндүүлүгүңөрдөн көз каранды. Сүйүктүүңүздү, жаңы түптөлүп жаткан үй-бүлөңүздү коргоо, сиздин милдетиңиз.
Өмүрлүк жарды тандоо, үйлөнүү, жыныстык катнашка баруу бул силердин жеке ишиңер, жана чечимиңер. Ошондуктан ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок.
Кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Бактылуу болгула!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.