// //

Ата болгонго чейин бир жыл, жарым жыл, үч ай мурун эмне кылуу керек?

2019.09.29, 12:26
1642

Дарыгерлердин айтымында кош бойлуулук жана баланын ден соолугу менен байланышкан көйгөйлөрдүн жарымына эркектер күнөөлүү. Учурда жапжаш жигиттерде да ата болууну алыскы келечекке жылдырган оорулар аныкталууда.

Ата болууга жоопкерчилик менен мамиле жасасаңыз, бир нече айды талап кылган олуттуу даярдыктан өтүшүңүз керек.

  1. Бир жыл ичинде

Аталыкка даярдыкты бейтапканага баруудан баштоо зарыл. Дени сак балалуу болуу үчүн, жыныс мүчөнү гана эмес, организмди толук текшерүүдөн өткөрүү керек. Ар бир дарыгерге кирип консультация алгандан кийин, анализдердин баарын тапшырып, тукум куума оорулар боюнча генетикалык тестирлөөдөн өтөсүз. Жыйынтыктарын терапевтке алып барасыз. Ал эмнени дарылап, эмнени профилактика кылуу керектигин айтат.

Генетикалык тестирлөө -  төрөлө элек балага тукум куума оорулардын берилүү рискин аныктоо анализдери.

Анализ пландарын дарыгер – генетик түзүп берет. Коркпоңуз, жагымсыз жыйынтык сизди ата болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Эгер алдын ала кам көрсө, мүмкүн болгон генетикалык коркунучтун баарын оңдоп-түзөөгө болот. 

TORCH-инфекция анализин тапшырууну унутпаңыз. Бул анализ үй жаныбарлары аркылуу жугуучу ооруларды аныктайт. Ташып жүрүүчү катары өзүңүз байкабай калышыңыз мүмкүн, бирок түйүлдүктөгү балага олуттуу зыян келтирет.

Баса, келечектеги ( үйлөнө элек болсоңуз) же учурдагы жубайыңызга түйүлдүк үчүн өтө коркунучтуу кызамыкты, балага дифтерияны жуктургуңуз келбесе, бала чагыңызда албай калган эмдөөлөрдүн баарын алыңыз.

  1. Жарым жыл ичинде

Дарыгер текшерүү учурунда жоопкерчиликтүү ата жаман адаттарынан арылышы керек экенин түшүндүрүп берген чыгар. Мисалы:

  • Тамеки тартасаңыз спермаңыздын сапаты төмөндөйт.
  • Сыра ичсеңиз тестостерондун иштелип чыгышы бузулат.
  • Кечке отуруп иштесеңиз сперматозоиддердин кыйлымы жайлайт.
  • Курсагыңызга кошумча 10 кг топтосоңуз кан басымыңыз жогорулайт, бул өз кезегинде эякулятта сперманын топтолушуна терс таасирин тийгизет.

Балалуу боло албаган түгөйлөр күнөөнү аялдардан көрөт. Көп учурда, изилдөөнүн жыйынтыгында, көйгөй эркек тарапта экени байкалат. Көпчүлүк эркектер эрекция нормада болсо, баары жакшы деп ойлошот. Бирок, потенция менен сперманын сапаты эки бөлөк нерсе.

Ошондуктан, сизде бир күмөн саноолор болсо спермограмма тапшырыңыз. Жыйынтыгы начар чыкса капа болбоңуз, дарыгердин айткандарын баарын аткаруу менен абалды оңдосо болот. Эгер баары жакшы болсо, анда сергек жашоо образына өтүү керек. Жаман адаттар уруктун сапатына гана эмес, баланын ден соолугуна терс таасир тийгизет. Жоопкерчиликтүү ата биринчи кезекте баласына кам көрөт. 

  1. Үч ай ичинде

Сперма 75 күндө жетилет жана бир айдан ашуун жашайт – демек, өзүңүзгө кам көрүүгө убакыт келип жетти. Баланын дени сак төрөлүүсү физикалык гана эмес, психикалык ден соолугуңуздан да көз каранды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, стерсске көп кабылган аталардан жүрүм-турумунда көйгөйлөрү бар балдар төрөлөт. Андыктан, тынчтык жана дагы бир ирет тынчтык! Сейилдеңиз, эс алыңыз, өз убагында уктап туруңуз, ачууга алдырбаңыз ж.б.

Эсиңизде болсун, сперманын жетилип жана жакшы кыймылдашы үчүн жогорку температура каршы көрсөтмө болуп эсептелет. Ошондуктан, сауна, мончо, ысык ванна сыяктуу нерселерден баш тартып турганыңыз оң.

Жогорудагы бардык пландарды аткарып бүткөдөн кийин, практикага өтө берсе болот. Адистер жумасына эки-үч жолу кошулууну сунушташат.

Маалымат бул жерден алынды.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт