Күйөөм тойдун эртеси эле ура баштады. Эмне кылам?
21 жаштамын. Турмушка чыкканыма бир жыл боло элек. Жолдошум тойдон кийин эле кол көтөргөн. Азыркы учурга чейин далай уруштук. Өзүм оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, айтканын айткандай кылып, сөз кайрыбайм. Бир нерсе болсо күчүн менден чыгарат, жаман сөздөр менен сөгүп, урат. Акыркы күндөрү чүнчүп кеттим. Күйөөмдөн көңүлүм калды.
Өзүмдүн ата-энемди кыжалат кылбайын деп мунун бирин айтпайм. Өзүнөн өзү эле ура бермек беле деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок чынында ошондой. Мас болуп келген күнү уйку жок. Уктап жатканда дагы тура калып бир чабат.
Ажырашкым келбейт, аны жакшы көрөм, бирок мага кылган мамилесин оңдой аламбы? Кантип оңдосом болот? Эмне кылам, кеңеш бериңиздерчи?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Окурман, жолдошуңуз экөөңүздөр менен бири-бириңиздерди толук билбей туруп турмуш куруп алгандай көрүнүш калтырып жатасыздар.
Баардык кылып жаткан мамиленин өзүнүн себеби бар. Эч себепсиз кол көтөргөнү, урушуп-талашканы, сизге карата болгон үй-бүлөлүк кордоосу деп түшүнсөк болот.
Ушундай кордукка баш ийип жатканыңыздын себеби эмнеде? Өзүңүз жазган кордук мамилеге качанкыга чейин чыдайсыз?
Сизди тынчсыздандырып жаткан көйгөйдү жашырбаңыз, ачыкка чыгарыңыз.
Бул сиздин жашооңуз, эч кимдин сизди кордогонго укугу жок. Бир үй-бүлөнүн келини, күйөөңүздүн жубайы болсоңуз, алгач өзүңүздү сыйлаганды үйрөнүңүз.
Кордукту эч качан жашырбаңыз, өзүңүздү, ден соолугуңузду ойлоңуз. Ата-энеңизге айтыңыз.