Баламды жарадар кылгандар жеңил жаза алып калды. Эмне кылам?
Жакында эле кошунабыз айнек таштандыларды ыргытып, баламдын башына тийип, “сотрясение” алды. Сотко берели десек жазасы жеңил эле болот экен. Кырк күн коомдук жумушка тартылат дейт адвокат. Ушул туурабы?
Болбосо кайсыл жака кайрылсак болот? Жазасын толук алышын каалайбыз. Балама эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок, тескерисинче кайра биз менен урушушат. Кайсыл жака кайрылышты да билбей турабыз.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Тергөөчүдөн кайсы берене менен иш козголгонун тактап сурап, суроого кошуп жазсаңыз жакшы болмок. Жабырлануучу сотко чейинки өндүрүүчү материалдар менен таанышууга укутуу.
40 күн коомдук ишке тартуу деген бар, бирок андан башка айып салуу же белгилүү бир кызматтан бошотуу, кылмыш иши болгон болсо эркиндигинен ажыратуу деген беренелер дагы бар.
Бирок, кылмыш материалдары жок болгондуктан, кандай берене менен иш козголгонун билбей туруп сизге толук маалымат бере албайм.
Эгер келтирилген жаракат оор болсо, 40 күндүк коомдук жумушка тартуу деген жок.
Тактап, кайрадан суроо узатсаңыз болот.