// //

5 жаштагы кызым сүйлөсөң жооп бербейт, көңүл бурбай отура берет

2019.09.27, 14:32
856

Саламатсызбы. Кызым 5,5 жашта. Ага төрт-беш жолу айтсаң деле унчукпайт, көңул да бурбай отура берет. Кыймылы өтө жай. Кантсем туура болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2019, 14:33

Эльвира Лисова

Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун адиси, балдар психологу

Балдар чоңдордун жүрүм-турумун туурашат. Канча жолу сиз да кызыңыздын сүйлөгөнүнө көңүл бурбай койдунуз эле? Мамиленин мындай модели өтө эрте калыптанат. Анан биз да балага кайрылып, бир нерсени сурап жана аткаруусун талап кылганда алар көңүл бурбай калышат.

Ошондой эле биздин сөздөр бала үчүн маанисиз болуп калат. Мисалы жаңыдан тамтаңдап басып калган баладан “оюнчукту алып берчи” деп сурап, анан чыдабай өзүбүз эле барып, алып алабыз. Мындайда, баланын көңүлүн оюнчукка буруп, “мына ушул оюнчукту берчи” деш керек. Башкача айтканда сиздин сөзүңуз менен иш аракетиңиз бири-бирине дал келүүгө тийиш.

Сиздин абалды оңдоо үчүн төмөнкү кеңештерди берем:

  • сүйлөгөндө, баланы укканда анын жүзүнө карап, көз аркылуу байланыш түзгүлө;
  • балага бир эле тапшырма берип, аткарылгандан кийин экинчисине өткүлө;
  • балага жайдары, жумшак, ошол эле учурда так жана түшүнүктүү сүйлөңүз.

Дароо эле бардыгы оңоло калат деп айтуудан алысмын. Башында кызыңыз каршылык да көрсөтүшү мүмкүн. Бирок сиз түшүнүү жана мээримиңиз менен мамиле кылыңыз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт