// //

Бойдон түшүрбөй сактап калуу үчүн дары ичүү жетиштүүбү? Гинеколог жооп берет

2019.09.27, 13:56
3388

Менин 4 айлык боюмда бар. Кан кетип жаткандыктан гинекологго көрүнгөм. Ал мага дюфастон жазып берди. Бул дарыны ичүүдөн сырткары, бойдон түшүрбөй сактап калуунун дагы кандай ыкмалары бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2019, 13:57

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Дюфастон жана башка прогестероногендик катардагы препараттарды гинекологдор хорион же тондун бөлүнүп кетүү коркунучу пайда болгондо жазышат. Бул дарылардын таасири минималдуу. Бирок, аларды дарыгердин сунушу менен жана ал жазып берген схеманы бузбастан, так убагында ичип туруу зарыл.

Андан тышкары, оор көтөрүүдөн, стресс болуудан өзүңүздү коргоңуз. Ысык сууга, мончого, саунага түшкөн болбойт. Туура жана толук кандуу тамактаныңыз. Өзгөчө “Е” витаминин көбүрөөк камтыган азыктарды жеңиз. Ал өсүмдүк майында, жаңгактарда жана өндүрүлгөн буудайда көп болот.  

Таза абага чыгып, көбүрөөк кычкылтек менен дем алыңыз. Ооруп-сыркоологон адамдардан оолак болуңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт