Мурунку күйөөм сабачу. Дагы турмушка чыксам жаңылып калбаймынбы?
Биринчи турмушумдан эки кызым бар. Төрт жыл жалгыз жүрдүм. Туугандарым аркылуу бир жигит менен тааныштым, сырткы көрүнүшү мурунку күйөөмө абдан окшош экен. Күйөөм көп кол көтөрүп, кыздарын такыр ойлобогондуктан ажырашканбыз.
Бул жигиттин кыздар менен көп сүйлөшпөгөнү байкалып турат. Ичинде кири жок, жөнөкөй, жоош. Анын дагы 2 кызы бар. Айтканы боюнча мурунку аялы аны тоготпой башкалар менен жүрүп кеткен.
Турмушка чыксам жаңылып калбаймынбы? Же турмуш курганга шашылбашым керекпи?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман!
Сиз кандай максатта ал балага турмушка чыкканы жатасыз? Келбети мурунку күйөөңүзгө окшош үчүнбү? Же сизге кылган мамилеси үчүнбү?
Жазганыңызга караганда туугандарыңыздын кысымына дуушар болуп жаткандайсыз. Андай эмеспи?
Эмнеге мен бул адамды тандадым деп өзүңүзгө суроо бериңиз. Биринчи турмушуңуздагы кетирген каталарды кайталабаш үчүн, бардыгына анализ кылыңыз.
Ал жигит сизге татыктуу күйөө, кыздарыңызга камкор ата болуу милдетин алса, жоопкерчиликтен качпаса, ойлонуп көрүңүз.
Сиз өзүңүз мамиле курууга даярсызбы? Мүмкүн ал жигиттин жоош сапаты эле эмес, адам катары жактыбы?
Шашылбай ойлонуп, мен берген суроолорго жооп берип, чечим чыгарасыз деген ойдомун. Ийгилик!