Кызымдын аты туура эмес жазылып калыптыр, кайра алмаштырсам болобу?
2019.09.26, 15:59
1139
Саламатсызбы. Кызымдын күбөлүгүн алганыбызга аз эле болду. Бирок жолдошум атын туура эмес жаздырып алыптыр. Кайра күбөлүгүн алмаштырсак болобу? Кызыма 4 ай болду
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.09.2019, 15:59
Бакай Алишеров
КР Мамлекетти каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Ооба, баланын атын кайра өзгөртсөңөр болот. Ал үчүн жолдошуңуз менен бирге күбөлүктү алган ЗАГСка барып, аты-жөнүн алмаштырууга арыз жазасыз. Силер жазган арыздын негизинде кызыңардын атын өзгөртүп беришет.
Бирге барганга шартыңар жок болсо, ата-эненин бири катталган жери боюнча ЗАГСка барсаңыз болот. Экөөңөрдүн тең каршылыгыңар болбосо, баланын атын алмаштырып беришет.
Бешик бооңор бек болсун!
0
Пайдалуу жооп