Күйөөм алимент төлөбөй Түркияга кетип калды. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз, 2 кызыбыз бар. Алимент өндүрүү боюнча арыз жазгам. "Түркияга барып иштеп келейин, кийин чогуу жашайбыз" дегенине ишенгем. Чет өлкөгө кеткен боюнча байланышты үзүп салды, эч жардам берген жок. Кайра алимент өндүрүүгө арыз жазсам, жабылган документти эле ачып кесип коебу? Алимент Түркиядагы эмгек акысы менен эсептелеби?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Мурун алимент өндүрүү боюнча соттон кагаз чыккан болсо, ал соттук кагазды кайрадан сот аткаруучуга берсеңиз болот. Бирок, сот аткаруучу акыркы үч жылдын карызын өндүрүү боюнча маселени карайт.
Түркиядан алган эмгек акысы боюнча эсептетип алсам болобу деп жатасыз. Колуңузда ал жактан күйөөңүз канча киреше таап жатканы боюнча так далилдер болсо, өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, көп учурда мындай далил келтирүү кыйынга турат, жокко эсе десек да болот.
Алимент жашаган жери боюнча өндүрүлөт. Сиз бүгүнкү күндө күйөөңүздүн каттоосу кайда болсо, ошол жерден сот аткаруучуга арыз менен кайрылыңыз. Арызга паспортуңузду, балдардын тууулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана соттун чечиминин түп нускасын тиркейсиз.