Турмушка чыга электер геморрой болсо операция жасала береби? Проктологдун жообу
2019.09.25, 12:05
2038
Саламатсызбы. Көп камыр тамак жей берип, ичим катып, геморрой пайда болду. Аябай кыйналып кеткендиктен операция жасаттым. Сурайын дегеним, турмушка чыга элекмин, ошондой болсо деле операция жасала береби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2019, 12:05
Бекболот Бегалиев
Проктолог
Ооба, жасала берет. Сизге операция жасаган доктурлар да бул фактыны эске алды деген ойдомун.
Операциядан кийин диета кармап, тамакты ылгап ичүү зарыл. Болбосо кайрадан геморройго туш болуу коркунучу жогору. Ал үчүн өсүмдүк клетчаткасына бай азыктар менен тамактаныңыз. Алар:
- Кара ундан жасалган нан;
- Суюк тамак, шорпо;
- Жер жемиштер, суу май кошулуп жасалган салаттар (майонез эмес);
- Көбүрөөк суюктук: суу, компот, көк чай ичкенди унутпагыла.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп