// //

Күйөөмдүн насвай чеге турганын билчү эмесмин. Мага бул адаты такыр жакпайт

2019.09.24, 15:45
1726

Саламатсызбы. Жолдошумдун арак ичээрин, насвай чегээрин билген эмесмин. Экөөбүз баш кошкондон кийин гана билдим. Мен андай адаттарды аябай жаман көрөм. Убакыт өтүп таштаар десем, андай болгон жок. Урушканыбыз ушу: ичкени анан насвай тартканы. Көрсөм эле жинденем.

Өмүр бою жашай аламынбы? Кандай кылышым керек? Бирок, өзү жакшы киши.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.09.2019, 15:46

Виктория Исакова

Психолог

Саламатчылык!

Көпчүлүк учурда адамдар жаңыдан таанышып, сүйлөшүп баштаганда майда бирок олуттуу нерселерге көңүл бурушпайт. Күйөөңүздүн жаман адаттары үйлөнгөндөн кийин пайда боло койгон жок, мурунтан эле бар болсо керек. Бирок сиз байкаган эмессиз.

Үмүтүңүздү үзбөңүз. Бул адаттар адамды башкарарын жакшы түшүнүшүңүз керек. Аны жеңип чыгуу үчүн күйөөңүздүн каалоосу зарыл. Сиз алар менен күрөшө албайсыз.

Бул демек, күйөөңүздүн адаттарын кабыл алып, мындай көрүнүшкө моюн сунуу керек дегениби? Бул татаал суроо. Жана ага жоопту өзүңүз гана бересиз.

Менин сизге айта турган кеңешим, эгер анын терс адаттары сизге, сиздин жакындарыңызга эч кандай залалын тийгизбесе, анда балким, чыдап жашай берсе болот.

Ал эми күйөөңүз агрессивдүү болуп, сиздин, балдардын ден соолугуңарга же өмүрүңөргө коркунуч туудура турган болсо, эч нерсени күтүүнүн зарылчылыгы жок.

Албетте үй-бүлөнү сактап калуу маанилүү, бирок бузулган тагдырдын эсебинен эмес.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт