// //

Милициялар тосмо арызды кабыл албай жатышат. Эмне кылсак болот?

2019.09.24, 09:39
1362

Саламатсызбы! Студентмин. 20 жаштамын. Ошто телефон алып-сатып бизнес кылам. Бир жигиттен дүң баада 50 000 сомго 10 телефон алгам. Жарым акчасын берип, бир айдан кийин калган 25 000 сомун берем деп макулдашканбыз. Жүйөлүү себептерден улам Жалал-Абадка жөнөп кеттим. Ал жигиттин номерин жоготуп жибергем. Өзү да мага чалган жок. Мени таппай милицияга барып арыз жазып коюптур. Ошко кайтып келсем милициялар кармап кетишти. Ал балага барып, 25 000 сомду берип баарын түшүндүрдүм. Тосмо арыз жазып бергенге макул болду. Бирок, милициялар “бул мыйзам жоюлуп кеткен, тосмо арыз жазсаңар деле баары бир болбойт, иш сотко кетти”,- деп коюшту. Акча сурай албай жатышабы же чындап эле мыйзам жоюлуп кеткенби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.09.2019, 09:40

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Сизди милиция кармаган учурда, тиешелүү документтерди толтуруп, эмне себептен колго түшүргөнүн айтышы керек болчу. Сиз Кылмыш кодексинин кайсы беренеси менен айыпталып, ишиңиз сотко өтүп жатканын так айтсаңыз, кененирээк кеңеш берет элем. Жалпысынан алып карасак, кылмыштар келтирилген зыянга байланыштуу бир оор же жеңил сыяктуу бир канча түрлөргө бөлүнөт. Эгер ишиңиз оор кылмыш болбосо, жабырлануучу тарап менен макулдашып, тосмо арыз алсаңыз, ишти жапса болот. Оор кылмыш болсо, жабырлануучу менен элдешүүнүн пайдасы жок, иш сотко өтүп, акыркы чечимди сот кабыл алат. Кайсы берене менен айыпталып жатканыңызды тактап, кайра байланышсаңыз, эмне кылуу керек экенин мыйзамдарга шилтеме жасап айтып берем.

 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт