Ар бир ата-эне баласына муну үйрөтүш керек
Бала чоңойгон сайын анын ар бир кадамын көзөмөлдөө кыйындап баштайт. Балаңызга бул коопсуздук эрежелерин үйрөтүп койсоңуз, ал үйдөн чыкканда кабатыр болбойсуз.
- Үй дарегин, баланын жана ата-энесинин аты-жөнүн жана телефонун жатка үйрөтүңүз.
- Жол кыймыл эрежелерин айтып бериңиз. Маршруткага, автобус же троллейбуска кантип түшөөрүн, велосипед, самокатты кайсы жерде тепсе болоорун түшүндүрүңүз.
- Бала коомдук жайлардан (базардан, соода боборлорунан) жоголуп кетсе, ата-энесин издеп чуркабай, кайсы жерде калса, ошол жерде турушу керектигин айтыңыз.
- Чукул чалуулардын (тез жардам, өрт өчүрүү кызматы, милиция) номерин үйрөтүңүз жана бирөөлөр көчөдөн тийишип же сиз жокто үйгө кирүүгө аракет кылып жатса, эмне кылуу керектигин айтып бериңиз.
- Бала бейтааныш кишилер менен кетсе болбой турганын, аларга денесине колун тийгизип, өбүшүнө жол бербеши керектигин билиши керек.
- Чоочундардын колунан эч нерсе албашы керектигин түшүндүрүңүз.
- Бала кайсы тамак-ашка аллергиясы бар экенин билиши керек.
- Баланын өнөкөт оорусу бар болсо (талма, диабет, астма) – ооруларынын атын, кайсы дарыларды ичээрин айтып бериңиз.
- Сизге айтпай туруп үйдөн же мектептен алыс кетип калса же кайтып келе жатканда кадимки жол менен эмес, башка жолго бурулуп кетсе эмне болоорун түшүндүрүңүз.
- Жаныбарлар тиштеп же курт-кумурскалар чагып алганда эмне кылуу керектигин көрсөтүп бериңиз.
- Таксиде арткы орундукка олтуруп, жакындарынын бирөөсүнө машинанын номерин айтышы керектигин үйрөтүңүз.