// //

Кистаны операция жолу менен алдырсам зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет

2019.09.20, 11:05
2961

Саламатсызбы, менин оң жак табарсыгым бир айдан бери ооруп, гинекологго барсам, оң тарабымдагы жумуртка бездимде (яичник) киста бар экен деди. Операция кылдырсам зыян эмеспи? Андан кийин диета кармаш керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.09.2019, 11:05

Нургазы Джанузаков

Гинеколог-хирург

Кисталардын түрлөрү көп. Анын пайда болуу себеби, көлөмү, саны дегендердин бардыгы эске алынып операция жасаш керек же жок, ошого жараша чечилет. Сизди жана анализдериңизди көрбөй туруп бул сурооңузга  так жооп бере албайм.

Бүгүнкү күндө операциядан кийинки кайра калыбына келүү мөөнөтү кыйла кыскарды. Бейтап хирургиялык кийлигишүүдөн кийин 1-2 суткада жакшы болуп кетет. Көпчүлүк учурда диета кармоо зарыл эмес. Бирок бардыгы индивидуалдуу. Сизге операция жасай турган доктур, операциядан кийин кандай дарыларды ичип, кандай диета кармоо керектигин өзү айтып берет.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт