Кистаны операция жолу менен алдырсам зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы, менин оң жак табарсыгым бир айдан бери ооруп, гинекологго барсам, оң тарабымдагы жумуртка бездимде (яичник) киста бар экен деди. Операция кылдырсам зыян эмеспи? Андан кийин диета кармаш керекпи?
Нургазы Джанузаков
Гинеколог-хирург
Кисталардын түрлөрү көп. Анын пайда болуу себеби, көлөмү, саны дегендердин бардыгы эске алынып операция жасаш керек же жок, ошого жараша чечилет. Сизди жана анализдериңизди көрбөй туруп бул сурооңузга так жооп бере албайм.
Бүгүнкү күндө операциядан кийинки кайра калыбына келүү мөөнөтү кыйла кыскарды. Бейтап хирургиялык кийлигишүүдөн кийин 1-2 суткада жакшы болуп кетет. Көпчүлүк учурда диета кармоо зарыл эмес. Бирок бардыгы индивидуалдуу. Сизге операция жасай турган доктур, операциядан кийин кандай дарыларды ичип, кандай диета кармоо керектигин өзү айтып берет.
Ден соолукта болуңуз!