Үч балага 2500 сом алимент төлөнөт. Бул эми шылдың эле да
Күйөөм менен ажырашканбыз. Ортобузда үч балабыз бар. Үчөөнө биригип 2500 сом төлөйт. Ал өзүнүн кирешеси тууралуу документтерди жасатып алыптыр. Бирок соцфонддо катталуу экен. Үч балага 2500 сом шылдың эле да. Кимге кайрылсам болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
Соттук аткаруучу баланын атасы төлөй турган алименттин өлчөмүн Улуттук статком бекиткен жашоо минимумуна ылайык өндүрөт. Мисалы, Бишкек шаары үчүн 7ден 14 жашка чейинки бала үчүн жашоо минимуму айына 4195 сомду түзөт.
Сиз алименттин өлчөмүн көбөйтүү үчүн соттук аткаруучуга өтүнүч кат менен кайрылыңыз. Өз кезегинде ал Соцфондго кат менен кайрылып, мурунку жолдошуңуздун айлыгынан канча сумма соцфондго төлөнө турганын билип берет. Ошол маалыматтын негизинде алименттин суммасы чегерилет.