// //

Балам өгөй атасын ата деп көнүп калган, атасы менен жолуктурбай койсом болобу?

2019.09.19, 10:21
1201

Балам 10го чыгып калды. Атасы 1000 сом алимент төлөйт. Мен экинчи ирет турмушка чыккам. Балам биз менен жашайт. Экинчи күйөөмдү ата деп көнүп калган. Өзүнүн атасы жөнүндо эч нерсе билбейт. Азырынча жолуктурбай өз атасы менен жолуктурбай койсом болобу? Себеби, баланын оюн бузабы деп корком. Кийин эс тартып калганда, чындыкты ачып бермекмин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.09.2019, 10:23

Ширин Алмазова

“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат

Жок, болбойт. Атасына бала менен жолугуп, көрүшүп туруусуна тыюу сала албайсыз. Ата-эненин экөө тең балдары менен көрүшүп турууга бирдей акысы бар. Болгону сот аркылуу жолдошуңузду аталык укуктан ажыратсаңыз болот. Сот ата-энелик укуктан ажыратат эгер:

  • ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
  • жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
  • ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
  • балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
  • аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
  • өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
  • жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
  • бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт