Баламдын калтасы кызарып турат эмне кылсам болот? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Балам 8 айлык. Калтасы кызарып, сууланышып турат. Эмне кылсам болот?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Эгер балаңыз памперс кийсе, 2-3 күн кийгизбей сийип койгон шымдарын тез-тез алмаштырып туруңуз. Баланы кургак жана бош кармаңыз. Өтө тыкыс кийим кийгизбеңиз.
4-5 күн “ромашканы” демдеп, жылуу кылып суу менен чабыштырып, калтасын жууп коюңуз.
Эгер ушул процедуралардын кийин да жакшы болбосо, анда педиатрга көрсөтүңүз.
Негизи памперсти 3-4 саата бир алмаштыруу зарыл. Памперсти чечкенден кийин баланын көтөнүн жууп, 10-15 мүнөт эркин кое бериңиз, жылаңыч жүрө турсун. Же болбосо жөн эле шым кийгизип коюңуз.
Өтө тыкыс же тескерисинче өтө чоң памперс колдонбоңуз.
Памперс – бул оюнчук эмес. Балага бербеңиз. Анын курамында адсорбент бар. Бала оозуна салып жеп албасын.