Маткам ылдыйлап кетиптир, врачка барамбы же ич көтөргөн апаларгабы?
2019.09.16, 15:04
1902
Саламатсызбы. Беш айлык боюмда бар. “Маткам” аябай ылдыйлап кетиптир. Врачка барып көрүнөмүнбү же ич көтөргөн апалар эле барсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.09.2019, 15:04
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Жатындын төмөн жайгашуусун алдын алуу үчүн бандаж тагынуу сунушталат. Бандажды кош бойлуулуктун 20-жумасынан кийин тынбай кийип жүрүү керек.
Бирок аны киердин алдында да гинекологдон консультация алуу зарыл. Бандаж жатындын алдынкы тарабындагы булчуңдарды чоюлуп кетүүдөн коргойт.
Ич көтөргөн апаларга барбай эле койгон жакшы. Туура эмес манипуляциялардын улам, тон ажырап кетиши мүмкүн. Бул баланын мезгилинен эрте төрөлүшүнө себепкер болот.
0
Пайдалуу жооп