Жигитим менден кичүү. Улуу балага турмушка чыгышым керекпи?
Сүйлөшкөн жигитим экөөбүздүн ортобузда бир жаш айырма бар. Бирок экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Ал менден бир жашка кичинекей болгондуктан анын чөйрөсүнөн өзүмдү чоңдордой сезип, кызыктай боло берем. Бул кандай көрүнүш? Жакында той болмок. Кээде өзүмдөн улуу балага эле турмушка чыксамбы деп ойлонуп кетем.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Эгер эки адам бири-бирин жакшы көрсө бардык кыйынчылыктарды жеңип өтүшөт. Эки адам бактылуу болуш үчүн жаштары тең, же бала кыздан улуу болушу керек деген ойлор, элибизге сиңип калган стреотиптүү көз караш, ой жүгүртүү десек болот.
Жакында той болсо, туура тандоо кылдымбы деп сарсана болуп, коркуу сезими ээлеп жатат. Мындай акыбал ар бир турмушка аттанып жаткан кыздын башынан өтөт. Мындан эч качан уялып, коркуунун кереги жок.
Эгер жаш өзгөчөлүк жигитиңизди ойлондурса мамиле тойго чейин бармак эмес. “Башкага эле турмушка чыксамбы” деп жатасыз, жоопкерчиликти сезе билиңиз. Турмуш куруу оңой, аны сактап калыш үчүн эки адамдын аракети керек. Сиздин тандаган түгөйүңүз ошондой адамдардан деп ойлойм.
Бактылуу болуңуз!