// //

Тондо суу көп болсо (многоводье), вирус болушу мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет

2019.09.13, 13:44
1896

Учурда 7 айлык боюмда бар. 3 жума мурун ичим түйүлүп ооруп жатат деп гинекологго баргам. Ал УЗИге жөнөтүп, суу көп деген жыйынтык чыкты. Врачым суу көп болсо, вирус болушу мүмкун деп анализ тапшырганы жөнөттү. Сунун көп болушу эмнеден? Анализ тапшырганга азыр шартым жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2019, 13:45

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Нормада кош бойлуу аялдын тонунда 1-1,5 литр суу болот. Аталган нормадан ашканда “тондогу суунун көп болушу” (многоводие) деген диагноз коюлат.

Тондогу суунун көп болушунун негизги себептери: инфекциялык оорулар, ымыркайдын чоң болушу, кант диабети, пиелонефрит, зат алмашуу процесстеринин жабыркашы, жүрөк кан тамырларынын оорусу, резус конфликт, бойго бир нече баланын бүтүүсү.

Тондо суунун көп болушу эненин дем алуу жана жүрөктүн кан тамырлары системалары жабыркатат. Төрөтү узак жана оор өтөт. Аялдын жатыны чоюлуп калат. Мөөнөтүнөн эрте төрөйт, ымыркай жатында аномалдуу жайгашат.

Ал эми бала үчүн төмөнкү коркунучтар жаралат: ымыркайдын өрчүшүндө кемтиктер пайда болот. Борбордук нерв системалары толук калыптанбай, ички органдары өрчүбөйт. Суунун көп болушу курч өтүп жатса, кош бойлуулукту токтотууга туура келет.

Бейтап анализ тапшыргандан кийин организминде кандайдыр бир инфекциялык реагент аныкталса, анда антибиотиктер менен дарылайбыз. Бирок бул процесс өнөкөт экенин эске алганда дарылоо өтө оор. Кош бойлуу аял ай-күнүнө жакындаганда эне менен баланын абалы канааттандыраарлык болсо, өз алдынча эле төрөйт. Ал эми жашоого мүмкүн болбой турган паталогиялар аныкталса, генетиктин консультациясын алып, кош бойлуулукту токтотуу маселеси көтөрүлөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт