Адам эмне үчүн көп тердейт?
Адам эмне үчүн көп тердейт? Мисалы мен жайдын аптаптуу күндөрүндө жөн эле олтурганда денемден муздак тер чыгып, чачым суу болуп жүрө берем. Кыймылдасам чекемен тер агып, суу болуп кетем.
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Адамдын көп тердеши салмактан жана жаш курактан көз каранды. Сиз канча киллограммсыз, жашыңыз канчада, эркексизби же айымсызбы?
Көпчүлүгү организимдеги заттын алмашуусунун бузулуусунан болот. Кээ бир чоң адамдар климактерикалык абалдан улам көп тердеши мүмкүн.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Климактерикалык синдром аялдардын балалуу болуу функциясы соолуй баштаганда, 45-47 жашта пайда болот. Бул этапта энелик бездин жана жатындын көлөмү кичирейип, этек кири токтойт. Климактерикалык синдром табигый деп саналган климактерикалык мезгилдин татаал, оор өтүшү. 30-60% аялдар кабыл болушат.
Эгер бул көрүнүш дайыма кайталанса кайсы бир жериңизде зат алмашуу туура эмес жүрүп жатат. Эндокринологго көрүнүп, анализ тапшыруу керек.
Бой, салмак абалыңызда тең салмактуулук жок болсо, кандайдыр бир гормондор жетишсиз. Ушунун себебинен көп тер бөлүнүп чыгып жатышы ыктымал. Бул тукумдан берилчү же индивидуалдуу өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Текшерүүдөн өтүү керек.
Кайсы бир оорунун себеби болсо, көзөмөл менен дарылануу сунушталат. Ал эми индивидуалдуу өзгөчөлүк болсо, качантан баштап, кандай учурларда жана башканы изилдеп, анан сунуш берилет.
Ден соолукта болуңуз!