Үй-бүлөлү кишини сүйөм, бирок ал ажырашпайм деди. Психологдун кенеши
Саламатсызбы. Мен үй-бүлөлү кишини сүйөм. Ал да мени сүйөм деп айтат, экөөбүздүн көп кыялдарыбыз бар эле. Мага төрөп бер, деп айтчу. Бирок акыркы күндөрү телефон чалып, ал акыбалымды сурабай калды.
Аялы төрөбөйт деп уккам. Ошентсе да жакшы көрөт окшойт. Болбосо ушуга чейин эмнеге аны менен жашап жүрмөк эле? Ушул тууралуу көп ойлоном. Кеңеш бериңизчи, сураныч?
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Саламатчылык.
Махабат – бул абдан жагымдуу сезим. Бирок бул сезимдин эки тараптуу болгону жакшы.
Жазган катыңыздан улам, сүйүктүүңүз сизге, сиз каалагандай мамиле жасабайт, сиз күткөн нерселерди аткарбайт экенин түшүндүм. Аны өз аялына кызганып, экөөнүн бирге болгону сизге тынчтык бербей жатат.
Мындай жагдайда жашоо абдан оор. Сиз ар дайым күтүүгө, үмүттөнүүгө, кур убадаларга ишенүүгө аргасыз болосуз. Аялына караганда мени көбүрөөк сүйөт, деп өзүңүздү сооротуп, алдайсыз.
Ал ортодо убакыт өтө берет. Такыр ажырашпай койсо эмне кыласыз?
Бул бөлөк үй-бүлө, ал киши сиздики эмес. Өзүнүн үй-бүлөсүнөн баш тартаары да күмөн.
Менин сизге бере турган кеңешим: бул мамиледен баш тартыңыз. Сөзсүз сизге гана таандык болгон, сизди гана сүйгөн, чыныгы мырзага жолугасыз.
Бактылуу болуңуз!