// //

Атам ичип алып тынчтык бербейт. Кантип токтотобуз?

2019.09.12, 11:48
1376

Атам күнүгө ичип келип үйдөн тополоң чыгарат. Ичип алган күнү апамды күнөөлөй берет, сөз сүйлөсө каяша айттың деп колуна тийген буюм менен сабайт. Апам сүйлөбөй койсо кемсинтип, басынтат. Атам эч кимди укпайт, айтып түшүндүрөйүн десең, мага акыл үйрөтпө деп уккусу келбейт. Мүнөзү аябай корс. Кантип арагын токтотсок болот? Кантип адамдык сапатка ээ кылабыз?  Жашы 50дөн ашып калды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.09.2019, 11:49

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсыңбы! Үй бүлө мүчөлөрүнүн бирөө ичимдик ичсе, демек ал үй бүлө дисфункционалдуу үй бүлөнүн катарына кирет. Бул деген, үй бүлө мүчөлөрү болгон аракетин жумшап ичкилик ичкен адамдын артынан түшөт, ал адам каршылык көрсөтөт, тилекке каршы сиздин окуя ушундай.  

Сиздердин кыйнооңуздар атаңыздын өз эрки менен ичкиликти таштоосуна жардам бербейт. Жашы 50дөн өтүп калса, эбак эле көз карашы калыптанып калган, аны эч ким өзгөртө албайт.

Ичкиликти таштоонун кайсы түрү (накрологиялык, психологиялык) болбосун, бардык учурда өзүнүн каалоосу керек.

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
12.09.2019, 11:51

Гүлмира Молдокулова

Психолог

Бала үчүн “ата” деген бул эң күчтүү, акылдуу, ишеничтүү киши. Балдар чоңойгондо атасына окшош болуусун каалайт. Бирок ичкен ата, мас болуп алып эмне кылып жатканын, кандай жаман иш кылып жатканын түшүнбөйт. Мындан сырткары аялын, балдарын урат. Муну түшүнгөнгө кыйын жана бул абалга макул болуу оор. Бир караганда бул абалдан чыгууга жол жоктой сезилет. Анткени билбейсиң эмне кылыш керектигин. Апаңды, бир туугандарыңды, өзүңдү ойлоно берип башың ооруп кыйналасың жана ушул көйгөй менен жалгыз калгандай сезилет. Билесиңби атаң ичип жана чатак салып турса, бул коркунучтуу. Бирок бул абалдан чыгуучу баардык жол жабык дегенге болбойт.

Эмне кылуу керек? Биринчиден тынчтанып, ыңгайга карап, кандай иш-аракеттерди жасасам болот деп ойлонуш керек. Экинчиден туугандардын арасынан, үй-бүлөнүн досторунан кимге бул көйгөйдү айтсам болот, атама кимдин сөзү өтөт деп изилдеп көр. Анан атаң ичпеген соо кезинде олуттуу сүйлөш. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт