Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Жубайым менен ажырашып кеткенбиз. Ортодо үч жаштагы кызыбыз бар. Ошону өзүмө алсам болобу? Жубайым турмушка чыгып кеткен. Кызым менен жолуктурбайт. Бакчасына басрам кызым сүйлөбөй, арыктап, жүдөп калыптыр.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
Ата-энелер балага карата бирдей укукка ээ. Кызыңыздын туруктуу жашаган жерин аныктоо үчүн сотко доо арыз менен кайрылыңыз.
КР Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык, ата-энеси ар башка жашаган учурда баланын жашай турган жери эки тараптын макулдашуусу менен чечилет.
Эгер бир пикирге келише албаса, анда сот баланын кызыкчылыгын жана анын пикирин эске алуу менен талашты чечет. Сот баланын ата-энеге, бир туугандарына болгон жакындыгын, анын жаш курагын, ата-энесинин жеке сапаттарын, ата-эненин баланын жашоосу үчүн шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгүн эске алат (кандай жумушта, кандай график менен иштейт, материалдык жана үй-бүлөлүк абалы ж.б.).
Мен сизге ийгилик каалайм!