“Гипоплазия матки” деген диагноз менен төрөй аламынбы? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Менде мындай суроо, мага “гипоплазия матки 3 степени” диагнозу коюлган. Ушул оору менен төрөй аламынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер тукумсуздукка себепкер боло турган башка көрсөткүчтөр болбосо, төрөй аласыз.
“Гипоплазия” деген диагноз мурунку СССРде жана азыркы КМШ чөлкөмүндө гана бар. Европра менен Америкада мындай оору жок, демек алар аны дарылашпайт. Алардын пикири боюнча жатындын көлөмү кош бойлуулукка жана баланын төрөлүшүнө эч канджай таасирин тийгизбейт. Башкысы бойго бүтүү процесси, жатындын былжыр челинин жалпы абалы жана анын уруктанган жумуртканы кабыл алууга даярдыгы.
Бирок биздин мамлекеттерде бул өзгөчөлүктү оору катары кабыл алып, аны корректировка кылуу аракетин көрүшөт. Бардыгы гинекологдун жеке позициясынан көз каранды.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Жатындын гипоплазиясы - бул аялдын организминдеги патология. Мында жатындын көлөмү нормадан кичирээк болот. Дагы бир аталышы - бала жатын (детская матка).