ТОП-5: балдар үчүн совет кинолору
Батыш кинолору гана укмуш десеңиз жаңылышасыз. Бул кинолор заманбап өспүрүмдөрдү кайдыгер калтырбайт. Атайын сиздер үчүн совет кинолорун топтодук.
1. Очкарик (1972)
Кубанычбек өзүнө-өзү ишенбеген, күмөн санаган бала. Ал эр жүрөк жана күчтүү болууну каалаайт. Тилеги орундалабы же жокпу бул кинодон билесиз.
2. Ак кеме (1976)
Баланын өзү куруп алган таза дүйнөсү бар. Анын жалгыз жана жакын досу, таятасы Момун чал. Ал ата-энесин көргөн эмес. Атасы ак кемеде капитан экенин гана билет.
3. Космонавттар көчөсү (1963)
Эки дос бала ар кандай буюмдарды колдонуп, өздөрүнүн кыялындагы космодромду курушат.
4. Эрте келген турналар (1979)
Башкы каарман Султанмурат атасы фронтко кеткен соң, үй-бүлөсүнүн, апасынын жалгыз ишеничи болуп калат. Кыйынчылыктар али алдыда экенин биле элек.
5. Биринчи мугалим (1965)
Дүйшөн аттуу жаш мугалим армиядан кийин айылга келип, аткананы мектеп кылып, билимсиз балдарга жаңы дүйнөнү ачып берет.