Турмушка чыккам, бирок мурунку жигитим түшүмө кире берет. Психологдун жообу
Турмушка чыккам, 1 балам бар. Бирок мурунку жигитим түшүмө кире берет. Ал жакында эле үйлөндү. Инстаграмдагы сүрөттөрүн карап, кечке ал тууралуу ойлоно берем. Жолдо дүрсөм жолугуп калчудай сезилет. Сагынам, көргүм келет, бирок корком. Өзүмдүн жашоом кызыксыз. Бул кылгандарым туурабы?
Асель Баимбетова
Психолог, @psihologiya_kg
Жашоодо мындай көрүнүш боло берет. Сизди өзүңүздүн жеке жашооңуз канаатандырбайт окшойт, балким жагымсыз көрүнүштөр орун алган. Үй-бүлөлүк жашоодон көңүлүңүз калды же сиз күткөндөй жашоо болгон жок. Ошондуктан бүгүнкү жашоодон өткөн чакка качып, кыялдарга берилип жатасыз.
Азыркы турмушуңузда жолдошуңуз сизге бере албаган мамилени жана жылуулукту эскерүүлөрдөн тапкыңыз келет. Үй-бүлөлүк жашоо жаңыдан калыптанып баштаганда мындай сезимдерге берилүү нормалдуу көрүнүш.