// //

Мен Тажикстандын жаранымын, бирок кыргызмын. Кантип паспорт алсам болот?

2019.09.10, 13:41
1789

Саламатсызбы. Мен Тажикстандын жаранымын, бирок кыргызмын. Кыргызстандын паспортун кантип алсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.09.2019, 13:42

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы

Саламатчылык. Жарандыгыңыз жок болгондуктан паспорт алуу процедурасы бир аз башкача өтөт. Алгач Кыргызстандын жарандыгын алышыңыз керек. Ал үчүн сизге төмонкү документтер керек:

  • туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • паспорт (2 көчүрмө);
  • балдары бар болсо ар биринин туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү, эки ата-эненин тең жарандыгын алмаштырууга макулдугу, жазуу түрүндө;
  • жолдошунун жарандыгын алмаштыруусуна каршы эмес деген маалымкат, нотариуста тастыкталган;
  • жашоого жетиштүү, мыйзамдуу каражат булактары бар экенин тастыктаган документ;
  • жашаган жеринен маалымкат;
  • жашаган үйдүн кожоюндун каттоого уруксат берүүчү макулдугу, нотариуста тастыкталган;
  • сатуу-сатып алуу документтери;
  • СПИД борборунан, психикалык оорулар борборунан жана наркологиялык борборунан маалымкаттар;
  • каттала турган үйдүн техпаспорту;
  • соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • 4х6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  • 2 скросшиватель;
  • жашаган жерине караштуу паспорт столуна документтер тапшырылып, мамлекетке салык төлөнөт;

Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин, паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
  • 7 үлгүсүндөгү/16 үлгүсүндөгү карточка же үй китепчеси;
  • эки сүрөт (паспорт столдун өзүндө тартылат);
  • ПИН Социалдык коргоо документи;
  • арыз;
  • паспорт үчүн төлөнүүчү салыктын квитанциясы.

Жарандыкты алуу үчүн 2000 сом салык төлөнөт.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт