// //

Кайын энем келиндерин "сучкалар" дейт экен. Жаңы келген келиндин баяны

2019.09.10, 10:22
3597

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин оор мүнөзү тууралуу айтылат. Каармандын аты өзгөртүлдү. 

Нуриса: мен интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойгом

23 жаштамын. Жакында эле сүйүктүүмө турмушка чыктым. Өз алдынча турабыз. Күйөөм аябай камкор, мээнеткеч, жакшы да табат.

Өзү төрт бир туугандын кичүүсү. Төртөө тең эркек. Кайын атам алар кичине кезинде эле өтүп кетиптир. Кайын энем баарын өзү багып, бутка тургузган экен. Балким, ошондон улам мүнөзү эркектердикиндей.

Айтайын дегеним, кайын энем күчтүү аял, бетке айтат, назиктик дегенди жек көрөт. Анча-мынча эркектер анын жанында көлөкө эле болуп калат.

Балдарын катуу тартип менен чоңойтуп, билгенинин баарын үйрөтүптүр. Алсак, күйөөм нан бышырганды, кышкыга салат жапканды, тамак жасаганды, үй жыйнаганды, кир жууганды менден жакшы билет. Жумуштарды аялдыкы же эркектики деп бөлбөйт, айттырбай эле өзү жасап коет. Кылганын милдет кылбайт. Бул үчүн кайын энеме чоң рахмат айткым келет.

Кайын энем коммерсант. Төрт баласы да бул тармакта. Бардык балдары аны сыйлайт, айтканын эки кылышпайт. Кыскасы жакшы турабыз.

Болгону бир көйгөй бар. Жумуштан кийин кайын энем кичине серп этип алат. Аябай сөгүнүп сүйлөйт. Эң негизгиси төрт келинин тең “сучкалар” деп чакырат.

Мисалы, “Эй “сучкалар”, эртең үйүмө конок келет, жардам берип кеткиле!”, “Сучкалар, көлгө кетип жатам, бош болсоңор үйгө келип жашап тургула” ж.б.  

Бул мага жакпайт. Абысындарым мүнөзүнун ошондой экенине, көнүп калышканын айтышат. Менин ата-энем мугалим. Мындайча айтканда интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойгом. “Сучка” болгум келбейт деп түз эле кайын энеме айтсамбы же күйөөмөбү?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Сизде баары жакшы, бирок бир терс жагдай бар экен, ар дайым ушундай болот, тескерисинче болбогону кайра жакшы.

Кайын энеңизди эркек мүнөздүү, энергияга бай аял катары сүрөттөп жатасыз - эркектик сапат бардык жагынан байкалып турат, жүрүм-турумдарында, эмоциясында.

Албетте, мындай мамилеге чыдоо мүмкүн эмес, тамаша иретинде болсо да! Бирок эмне үчүн башка келиндер бул нерсени юмор катары кабыл алып, сизди тынчтандырып жатышат?

Балким, кайын эне менен дос болуунун пайдасы көбүрөөк, мүмкүн мындай кайрылуу күлкүлүү угулат, анан ал юморун келиндерин ушунтип атоо менен билдирет. 

Сиз күйөөңүз менен кеңешиңиз, бирок даттанбаңыз, келечекте мындай сөзгө кантип реакция кылуу керек экенин сураңыз. Ал эмне деп кеңеш берет? Кыязы, анын мүнөзүн жакшы билгендиктен, юмор менен мамиле кылууну сунуштайт. Бир гана апасы менен бул боюнча сүйлөшүүгө жол бербеңиз - чыр-чатак болот.

Кайын энеңиз "мен жакшы көргөнүмдөн улам ушинтип айтып жатам, башка келиндер түшүнөт, а мунуң эркелеп, болор-болбос нерсеге кыйкымдайт" ж.б деши мүмкүн. 

Келечекте эсиңизде болсун, жашообуздагы бардык нерселер тең салмакта болот  - позитив нерсеге ар дайым негатив табылат. Бир жаман жери, кайын энеңиздин ичимдик менен достошкону, келечекте кандай болоорун алдын ала айтсак болот, аялдарда көз карандылык менен көнүп калуу тез өнүгөт жана бул көйгөй баары үчүн абдан олуттуу. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт