Эмне үчүн моюнум бетиме караганда карараак? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. Моюнду агартуучу маскаларды айтып бересизби? Менин моюнума караганда бетим агыраак, экөө дал келбейт. Ошондон уяла берем. Кеңеш берип коюңузчу?
Асель Алымбаева
Косметолог
Бетти агартуучу маскаларды жана кремдерди колдонуп көрүңүз. Бир аз болсо да, агартат. Бирок “вау, аппакай болуп калды” деген эффект албетте, болбойт.
Терини агартуучу даяр маскалар сатыкта абдан көп. Өзүңүздүн териңиздин өзгөчөлүгүн эске алыңыз. Дагы бир эскертүү! Ар дайым СПФ-50 күн нурунан коргоочу кремин колдонуңуз. Биздин региондо ансыз болбойт. Бетке сепкил түшүп кетет.
Ошондой эле, моюндун бетке салыштырмалуу карараак болушу генетикалык өзгөчөлүк болушу мүмкүн (балким ата-энеңиздин бири ошондой, байкап көрүңүз).
Же болбосо организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн эндокринологго барып көрүнүңүз. Богок безин, бөйрөктү ж.б. текшерүү керек.
Мында комплекстүү дарылануу зарыл. Терапевт жана эндокринологдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана косметолог өз сунуштарын берүүгө тийиш.
Ден соолукта болуңуз!