Аялым балдарды таштап Россияга качып кетти. Энелик укуктан ажырата аламынбы?
Саламатсызбы. Кеңеш берип коюңузчу, сураныч. Биз 2015-жылы үйлөнгөнбүз. Ортобузда эки бала бар. Кызым 3 жашта, уулум 2 жашта, эмчек эмет. Аялым Россияга барам дегенинен, кое тур, бала чоңойгондо бар дегем. Андан кийин ар нерсени айтып уруш чыгара берди. Эми балдарды таштап Россияга качып кетиптир. Бардыгын таштап кеткидей эмес, жетиштүү эле турмушта жашачубуз. Эмне кылсам болот? Арыз жазып, энелик укуктан ажырата аламынбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси,
Саламатчылык. Ооба, сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратса болот. Мыйзамга ылайык, баланын ата-энеси бирдей деңгээлде ага кам көрүп, билим алуусуна шарт түзүп, анын жаш курагына ылайык көзөмөлдөөгө милдеттүү.
Ата-эне (же алардын ордун баскан адамдар) балынын толук кандуу өнүгүүсүнө, билим алуусуна, ден соолугун чыңдоого жана өз алдынча турмуш куруп кетүүгө даярдап, шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Ата-эненин экөө тең бирдей деңгээлде кам көрүшөт.
Эгер ата-эненин бири жогоруда айтылган милдеттерин аткаруудан качса, ал ата-энелик милдеттен ажыратылышы мүмкүн. Ал үчүн жашаган жериңизге караштуу сотко доо-арыз менен кайрылуу зарыл. Бирок балдардын энеси милдетин аткаруудан качып жаткандыгын сотко далилдеп берүү керек.