Ата-энем Россияда, мен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү ала албай жатам
Саламатсызбы. Мени кыйнап келген нерсе паспорт маселеси. Жашым 24тө. Атам менен апам кичинемде ажырашып кетишкен. Учурда экөөнүн тең үй-бүлөлөрү бар, экөө тең Россияда турушат. Мен чоң энемдин колунда чоңойдум. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм жок. Мен төрөлгөн жылдары күбөлүктү көчөдөн эле берип калган дейт. Апам ошентип алганбы билбейм, айтор архивден аты-жөнүм чыкпай жатат. Ошонун айынан ушу күнгө чейин паспорт ала-албай келем. Жол көрсөтүп бергилечи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Урматтуу окурман, сиз ЗАГСка барып, каттоо барагы жок деген маалымкат алышыңыз керек. Бул кагаз менен сотко кайрыласыз. Сот төрөлгөнүңүздү кайрадан тастыктап, жаңыдан каттоодон өтүү жөнүндө чечим чыгарат. Бул чечимдин негизинде жаңы күбөлүк аласыз.
Ал эми паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никелешүү же ажырашуу күбөлүгү (түп нускасы, 2 көчүрмө);
- 7 үлгүсүндөгү/16 үлгүсүндөгү карточка же үй китепчеси;
- эки сүрөт (паспорт столдун өзүндө тартылат);
- ПИН Социалдык коргоо документи;
- арыз;
- паспорт үчүн төлөнүүчү салыктын квитанциясы.
Паспорт 12 күндүн ичинде жасалат.
Мамлекетке төлөнүүчү салык – 260 сом.
Ийгилик!