Учурда Москвадамын. Кыргызстанды сагынып, кыйналып кеттим. Психолог кеңеш берет
Учурда Москвадамын, бул жака биринчи келишим. Кыргызстанда окууга тапшырып, 1-курсту аяктагам. Менден кийинки сиңдим да быйыл мектепти бүтүрүп, университетке өттү. Ата-энем кыйналып калбасын деп, академ отпуск алып, апамдын жанына Москвага келгем.
Мага бул жер, чөйрө жаккан жок. Же көнө албай атамбы? Окуумду сагындым, кетким келип жатат.
Виктория Исакова
Психолог
Саламатсызбы. Сиз оор чечим кабыл алдыңыз. Тааныш эмес өлкө, тааныш эмес адамдар, тааныш эмес чөйрөгө барууга аргасыз болдуңуз. Албетте, досторунузду, үйүңүздү окууңузду сагынганыңыз турган иш.
Бирок сиз ал жака кандайдыр бир максат менен бардыңыз да. Сиз иштеп жатасыз. Демек бир нерсеге үйрөнүп, тажрыйба топтойсуз.
Орто эсеп менен жаңы жашоого көнүшүп кетүүгө 2-4 жыл убакыт керектелет. Бирок сиз ал жакта убактылуу элесиз. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү өзүңүздүн пайдаңызга колдонуңуз.
Дүйнө таанымды кеңейткиле, жаңы адамдар менен таанышкыла, жаңы жерлерге: музейге, театрларга баргыла. Башка улуттагы адамдар менен таанышып, алардын маданиятын билгиле. Шаарга чыгып сейилдегиле. Кыскасы, убакытты текке кетирбегиле.
Мен сизге ийгилик каалайм!