// //

Боюмда бар, цистит болуп жатам, коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

2019.09.06, 13:09
4995

Боюма бүткөнүнө 4 жума болду. Бирок бир айдан бери цистит болуп жатам. Заара кылып бүткондө кан тамчылап жатат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.09.2019, 13:10

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Коркунучу бар, цистит инфекциялык оору. Инфекция тон аркылуу өтүп түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Төмөнкү белгилер болгондо милдеттүү түрдө гинекологго кайрылуу керек:

  • улам-улам заара кылгың келет, бирок аз эле чыгат;
  • заара кылганда ачышып, оорутат;
  • зааранын курамында кан бар;
  • зааранын өңү бозомтук, жыты ачуу, жагымсыз;
  • дененин табы көтөрүлгөндө.

Эгер цистит 10 күндөн ашык убакытка чейин созулса, инфекция бөйрөккө өтүп, пиелонефрит оорусуна алып келет. Ал эми бул өтө кооптуу диагноз.

Кан аралыш заара кылганыңыз кооптуу симптом. Сизге элдик ыкмалар жардам бербейт. Тезирээк гинеколог, урологго көрүнүп, жолдошуңуз менен бир дарылангыла.

Машхура Ишмухамедова

гинеколог

Урматтуу айым, мындай көрүнүштөр тилекке каршы кош бойлуу кезде боло берет. Себеби сиздин иммунитет учурда алсыз. Андан тышкары жатындын көлөмү чоңоюп табарсыкты кысып турат. Өзүңүзгө кам көрүп, жылуу жүрүңүз, муздак жерге отурбаңыз, гигиенаны сактаңыз.

Рациондон туздуу, ачуу азыктарды алып салыңыз. Көбүрөөк суюктук ичиңиз. Бул табарсыктагы инфекциянын заара менен чыгып кетишине көмөктөшөт. Цистит бат айыга турган оорулардан эмес. Үйдөн өз алдынча дарыланууга болбойт! Жылуу баспаңыз. Бойдон түшүп калуу коркунучу бар.

Ден соолукта болунуз!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт