Балам 22 жашта, ага кандай тарбия берсем болот? Психологдун кеңеши
Балам 22 жашта, үйлөнө элек. Кыздар менен сүйлөшпөйт. Дос балдары кандай, алар менен эмнени сүйлөшөт болду экен, деп байкасам, достору деле жок экен.
Башкалардай болуп чоң атасынын же туугандардын колунда өскөн жок. Өзүбүздүн жаныбызда эле болду. Университетти быйыл бүтөт. Бирок чечкиндүү эмес, тартынчак, орой, жини бат келет. Бир ишти баштагандан коркот. Элден жалтана берет, эл эмне дейт деп.
Баламдын мындан аркы тарбиясын кандай кылышым керек? Кайсы жерден туура эмес кылдым?
Мария Самсонова
Психолог
Кутман күн!
Уулуңуз 22 жашта экен, а сиз дагы деле анын баскан-турганын көзөмөлгө алып, достору менен эмне жөнүндө сүйлөшөт, кыздар менен мамилеси кандай деп контролдоп жатасыз.
Сиз балаңыздын эбак эле чоң киши болгонун түшүнө элек окшойсуз. Дагы деле ага тарбия берип, анын ордуна чечим кабыл алып жатасыз. Мындай аракеттериңиз, аны эрксиз, жоопкерчиликсиз кылып жатат.
Уулуңуз да туура эмес кылып жатканын түшүнүп турса керек. Сиз тынымсыз кийлигишип жаткандыктан сизге да өзүнө, тегеректегилерге да ачууланып, өзүн агрессивдүү алып жүрөт.
Чоңоюп калган балдар ата-энесинин колдоосуна гана муктаж. Уулуңузга ишенип, кабыл алган чечимдерин сыйлап, жеке жашоосун курганга мүмкүнчүлүк бериңиз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.