Айызым бүткөндөн кийин деле бир нерсе агып жаткандай боло берет
Саламатсызбы! Айызым келгенден кийин 13 же 14 күндөн кийин жатыныман бир нерсе агып жаткандай боло берет. Бул эмнеден? 26 жаштамын, турмушка чыккам, төрөй элекмин.
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатчылык. Мындай көрүнүш норма болуп саналат. Ментсруалдык циклдин ортосунда ошондой шилекейге окшогон суюктук чыгат. Бул овуляция деп аталат, жана 3-4 күнгө чейин созулат. Күмөн санап жатсаңыз гинекологго барып, ал айткан анализдерди тапшырыңыз. Сезгенүү бар болсо сөзсүз дарылануу керек.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Овуляция – бул аялдын жумуртка клеткасынын фолликулдан чыгышы. Жатын түтүгү менен жылып баратканда спермазатоидке жолукса, уруктануу жүрөт. Жумуртка клетканын өмүрү кыска, болгону 24 саат жашайт. Эгер ушул мезгил аралыкта уруктануу болбосо, жумуртка клетка соолуп, 14 күндөн кийин кайра этек кири келет.