// //

Ата-энем ишин бүтүрүш үчүн бир жигит менен кыйнап сүйлөштүрөт. Бир кыздын баяны

2019.09.05, 12:30
3401

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Айзуура (аты өзгөртүлдү): ата-энем мени колдонот

19 жаштагы студентмин. Айылда чоңоюп өскөн кызмын. Ата-энем фермер, жүгөрү айдап, мал жандык кармашат. Качан айылга барбагын, үйдө жумуш арылбайт.

Мектепте окуп жүргөнүмдө кошунабыздын баласы мени башкача карачу, бирок, жаныма келип сүйлөчү эмес. Үйүбүзгө келип, себеби жок эле чарба иштерине жардам берип, кышында эшигибиздин алдындагы карды тазалап, күзүндө эгинибизди жыйнашып калчу.

Атам менен апам менин көзүмчө аны мактап, “күйөө балабыз ушундай болсо каршы эмеспиз” дешсе, ал мыйыгынан жылмайып күлөт.  

Кошуналарыбызга эмне жок десең. Алар эле жетишпей жаткансып, экөөбүздү жабыштырат. Жеңелерим жөн калбай, “сени сүйгөнү үчүн жардам берип жүрөт” деп ачуумду келтирет.

Ал мага жакпайт. Чыныгы айылдык жигит. Манерасы, кийингени бул нерсени тастыктап турат. Менден 3 жаш улуу. Уялчаак. 9-классты бүткөндөн кийин окуган эмес. Айылда картошка айдап иштейт.

Күз келээри менен ата-энем дем алыш күндөрү айылга чакыра беришет. Себеби мен үйгө барганда, ал жардам бергени келет. Атамдар бул нерсени жакшы билет, иштерин бат бүтүрүш үчүн мени колдонушат. Каалабасам да аны менен сүйлөшүүгө мажбурлашат. Өзүмдү жаман сезем. Айтыңызчы, ата-энеме кантип түшүндүрсөм болот? Алардын мени уга турган түрү жок.

Адис эмне дейт

Ильдар Акбутин, психолог

Ата-энеңиз сизди жайыңызга коюш үчүн, аларга айта турган сыйкырдуу бир сөз жок. Экөөнүн кызыкчылыктары даана көрүнүп турат, бул жерде берилчү суроо, сиздин кызыкчылыктарыңыз ата-энеңиздики менен төп келеби же жокпу. Эгер өзүңүз айтып жаткандай жооп жок болсо, аларга бир нерсе түшүндүрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок.

Ата-энеңиз сиздин жеке пикирди четке кагып, өзүнүкүн таңуулап жатат. Алар баарын жакшы түшүнүп эле турушат, бирок сиз алар бир нерсени түшүнбөй жатат деп ойлоп жатасыз.

Канча жашта экениңизди жана жашооңуз кимге таандык экенин жакшылап ойлонуңуз. Эгер булардын баарын билсеңиз, аларга кантип түшүндүрүү керек деген суроо өзүнөн-өзү жоголуп кетет. Эң маанилүүсү сиз өзүңүздү кандай алып жүрөсүз: каршылык көрсөтөсүзбү же макул болосузбу. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт