Намысыма тийген жигит туугандарымды өлтүрөм деп коркутат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Бир жылдай бир жигит менен сүйлөштүм. Намаз окуган, өтө ыймандуу жигит деп ойлосом, андай эмес экен. Тилекке каршы, намысыма тийип койгон. Кечирим сурап, сөзсүз үйлөнөөрүн айтып, ата-энесине тааныштырып ишендирди. Кечирип, болгон окуяны эч кимге айткан эмесмин.
Эми мени тоготпой, мени менен коштошуп, ар нерсени айтты. Айтам десем, бир туугандарымды өлтүрөрүн айтып коркутат. Кызганчаак, болбогон жерден урушуп, кээде мойнум көгөргүчө муунтуп салат.
Жакында ата-энемен уруксат сурап, бир тойго бардым. Ресторанда отурган жеримден сүйрөп чыгып, уруп салды. Өзүмдүн ата-энемден аябай корком. Аларга билдирбей баланы кантип жоопко тартсам болот? Анын тааныштары көп, сотко берсем оңой эле кутулуп кетпейби? Кандай жаза алат? Аябай жаман абалда турам.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кабылган окуяңыз боюнча сизге көп нерсе айткым келди, бирок көп сөз сизге жардам бербейт деген жыйынттыкка келип, сурооңузга так жооп берүүнү чечтим.
Ал жигитти зордуктоо боюнча 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин жаза күтөт. Эгер зордуктоо фактысы тастыкталса. Тааныштары көп деп жатасыз, бирок, бул жагдай сизге өз укугуңузду коргоого тосколдук кылбашы керек. Тынбай күрөшүңүз.
Ата-энеңизге билдирбей коюу сизден көз каранды. Бул жерден сизге жардам берчү уюм менен байланышсаңыз болот. +996 779 645985, +996 555 900698 номерлери аркылуу айтылуу уюмдун башчысы Елена Ткачёва менен байланышып, номерин менден алганыңызды билдирсеңиз, жардам көрсөтөт деген ойдомун.
Зомбулук фактылары боюнча каякка кайрылуу керек? Даректер, телефондор