Күйөөм каза болгондон бери өзүмдү таппай келем. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен да силердин кеп-кеңешиңерге муктаж болуп турган чагым. Жашым 23тө. Мындан эки жыл мурун күйөөм каза болгон. Ошондон бери өзүмдү таппай келем. Бир балам бар, кайын журтум, үйдөгүлөр бардыгы көзүмдү эле карап турушат. Алаксыйын деп китеп окудум, туугандарымдын макулдугу менен чет жака да чыгып келдим, эч нерсе жардам берген жок. Бары бир бир нерсе жетишпегендей болуп турат. Эмне кылганда өзүмө келем? Мага жардам бергилечи?
Эльвира Чокоева
Психолог,
Кутман күн!
Күйөөңүздүн арты кайырлуу болсун. Кайрат кылыңыз.
Кайгынын 4 фазасы болот. Жоготууга туш болгон адам, ар бирин басып өтүп, кадимки турмушуна кайтып келиши керек.
- Шок. Адам түш көрүп жаткандай болот. Айланада эмне болуп жатканын түшүнүп-түшүнбөйт.
- Каршылык көрсөтүү. Жоготкон кишиси алыска кетип калгандай сезилип, аң сезиминин түпкүрүндө аны күтөт. Каза болгон адам эч качан кайтып келбей турганын моюнга алгысы келбейт.
- Курч кайгыруу. Бул этапта, чындап жакын кишисин жоготконун түшүнөт. Ушул этапта катуу стресске туш болуп, сөз көтөрө албай, ыйлайт. Улам эстейт, куса болот.
- Жоготуусун кабыл алуу. Жүрөгүндөгү жараттар акырындык менен тартыла баштайт. Ал жөнүндө эскерүүлөр гана калат.
Адам канчалык тез ушул 4 стадиядан өтсө, ошончо тез кайгыруусу өтөт. Бирок бул сезимдерди жан дүйнөңө киргизбей, танып, эмоцияларды чыгаруудан качкан сайын, 4 этаптын улам башына түшүп, айланып жүрө берет. Жүрөгү эзилип кыйналат.
Бардыгыбыз түбөлүк эмеспиз. Бири жашоо менен эртерээк кош айтышса, бири кечирээк. Жашоо ушундай. Аны жөн гана кабыл алуу керек.
Жолдошуңуз жок болгон тиричиликти кабыл алып, ансыз күн кечиргенди үйрөнүңүз. Сиз күчтүүсүз. Сиздин балаңыз бар. Ал алдуу-күчтүү, бактылуу энеге муктаж.
Акырындык менен күнүмдүк, майда-барат нерсеге кубанганды үйрөнүңүз. Алдыга жаң максаттарды коюңуз. Жан дүйнөңүзгө жаккан иш таап, ага баш отуңуз менен кириңиз.
Жаңы жашоого өтүү бир нече жылды талап кылышы мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш. Алдыда бактылуу күндөр да бар. Ишенип коюңуз.
Мен чын жүрөктөн сизге бакыт каалайм!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.