// //

Төрөттөн кийин ичти тазалатуу зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет

2019.09.04, 14:40
1617

Саламатсызбы. Мен 2016-жылы, анан быйыл дагы төрөдүм. Эки жолу тең төрөттөн кийин кан калып, ичимди тазалашкан. Бул зыян эмеспи? Эмне үчүн калдык калып жатат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.09.2019, 14:41

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Төрөттөн кийин тондун ичте калып калышына бир нече себеп бар:

  • тондун кошумча үлүшү (бөлүгү);
  • жатындын начар жыйрылышы;
  • тондун жабышып калышы.

Тон толугу менен түшбөй, бир канча бөлүгү ичте калып калса, кан токтобой кете берет. Ошондуктан доктурлар төрөттөн кийин тондун толук түшүшүн дыкат текшерип, калып калса, тазалоого муктаж болушат.

Сизге бере турган кеңешим, кийинки кош бойлуулукту пландоонун алдында, дарыгерлерге кайрылып, толугу менен текшерүүдөн өтүп, дарылануу курсунан өтүңүз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт