Күйөөмө кошуна аял жалган жалаа жаап жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Балабызды кошунабыздын балдары топтошуп уруп, тепкилеп салышыптыр. Күйөөм экөөбүз ага болушуп, кошунанын үйүнө бардык. Жолдошум аларды бир жолудан чыбык менен сабап койгон. Ошол маалда балдардын апасы жолдошумду жакалап урганынан, мен бөлүштүргөм. Күйөөмдүн колу ал аялга тийген эмес. Биз кеткенден кийин кошунабызды күйөөсү токмоктоп коюптур. Эми күйөөсү урган жерлерин жолдошума оодарып, милицияга арыз бериптир. Өзүбүздү кантип коргосок болот? Биздин күнөө алардын үйүнө барганыбызда болуп жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Менин ооз эки берген кеңешим менен силердин иш чечилбейт. Ошондуктан, өзүңөрдүн укугуңарды коргоо үчүн жактоочу жалдооңор керек.
Ал аял милицияга кайрылган болсо, анын арызы боюнча тергөөчү жаракаттардын бар же жоктугун, эгер бар болсо, алардын келип чыгуу себептери менен убактысынын окуя болгон маалга туура келүүсүн тактап берүү үчүн токтом чыгарып, ал аялды соттук-медициналык экспертизага жиберет. Тергөөчү эксперттин корутундусунун негизинде чара көрөт.
Силер ал аялды жолдошуңуз эмес, өзүнүн күйөөсү урганын далилдөөңөр керек. Далил издөөнүн көп жолдору бар. Ошондуктан өзүңөрдүн пайдаңарга далил издеп таап тергөөчүгө өткөрүп бергиле. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 82-беренесинде далилдер жөнүндө айтылган жана 83-беренеде иш боюнча эмнелерди далилдөө керек экендиги көрсөтүлгөн. Бул жерден таанышсаңыз болот.
Ийгилик!